8 декабрь 2025
Ислам принциптерине негизделеген каржылоо боюнча ири семинар
Ислам принциптерине негизделеген каржылоо боюнча ири семинар

Ислам принциптерине негизделеген каржылоо боюнча ири семинар ийгиликтүү аяктады! ⠀ 11-ноябрдан 5-декабрга чейин Кыргызстанда 300дөн ашык адистерди бириктирген семинар өттү. Катышуучулардын арасында Улуттук банк өкүлдөрү, @ifcenter.kg кызматкерлери жана Шариат кеңешинин мүчөлөрү болду. ⠀

 Катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча билим алышты: ⠀🔹 Исламдык банк иши; 🔹 Шариаттык башкаруу. ⠀ Семинарда исламдык каржылоонун негизги эрежелери жана принциптери, ошондой эле аларды практикалык жактан колдонуу терең талданды. ⠀💼 Иш-чараны уюштуруучу — эл аралык деңгээлде таанылган окуу борбору NIBAF (Улуттук банк иши жана каржылоо институту). Бул Пакистан мамлекеттик банкынын туунду компаниясы болуп, исламдык каржы тармагында адистерди даярдоодо чоң тажрыйбага ээ. ⠀ Семинар Кыргызстанда исламдык банк ишин өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, биздин кесипкөйлүктү жана ишенимди бекемдейт. ⠀ @ifcenter.kg — исламдык каржылоо дүйнөсүндөгү ишенимдүү жол көрсөткүчүңүз! 

glasses

Жеткиликтүүлүк режими

Жөндөөлөр

Шрифттин өлчөмү

Контрасттын түсү

Шрифт

Түстөрдүн схемасы