14 июль 2025
Шарият принциптери менен бизнести кантип өнүктүрсө болот — Караколдо талкууланды
Шарият принциптери менен бизнести кантип өнүктүрсө болот — Караколдо талкууланды

2025-жылдын 11-июлунда Каракол шаарында «Ислам каржылоосу: бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» темасында практикалык жолугушуу өттү.
Бул иш-чараны Bakai Bank’тагы Ислам Финансылык Борбору (ИФБ) уюштуруп, ишкердикти этикалык, ачык-айкын жана шариятка ылайык жүргүзүүнү каалаган ишкерлерди чогултту.

Жолугушуу — тажрыйба бөлүшүү, шарият талаптарына ылайык каржы инструменттерин талкуулоо жана ислам принциптерине ылайык бизнес жүргүзүү боюнча практикалык сунуштарды алуу үчүн уникалдуу аянтча болду.

Спикерлер:
Марс Ибраев — «Бакай Банк» ААК ИФБ’сынын Шарият Кеңешинин төрагасы;
Замир Ракиев — «Бакай Банк» ААК ИФБ’сынын Шарият Кеңешинин мүчөсү;
Ринат Габбасов — «Бакай Банк» ААК ИФБ’сынын Шарият Кеңешинин мүчөсү;
Айбек Жангазиев — Bellagio тармагынын негиздөөчүсү, бизнестеги өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү

Биздин максат — ислам каржылоосу динге шайкеш гана болбостон, Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн эффективдүү куралы экенин көрсөтүү

Катышуучулар жаңы билим, байланыштар жана шыктандыруу менен кетишти.
ИФБ Bakai Bank мындай иш-чараларды өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүүнү пландаштырууда.

Бизнесиңизди шарият принциптери менен өнүктүрүңүз.

BAKAI Islam өкүлдөрү Медина шаарында (Сауд Арабиясы)BAKAI Islam өкүлдөрү Медина шаарында (Сауд Арабиясы)
Окуу программасы ислам каржылоосу боюнча алдыңкы эл...
Ислам принциптерине негизделеген каржылоо боюнча ири семинарИслам принциптерине негизделеген каржылоо боюнча ири семинар
Ислам принциптерине негизделеген каржылоо боюнча ири...
glasses

Жеткиликтүүлүк режими

Жөндөөлөр

Шрифттин өлчөмү

Контрасттын түсү

Шрифт

Түстөрдүн схемасы